Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Немцов өлтүрүлгөн жердеги элдик мемориал кайра жок кылынды


Бүгүн Орусиядагы оппозиционер саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлгөнүнө жүз күн толду. Твиттердеги маалыматтарга караганда, саясатчы киши колдуу болгон жердеги Орусиянын туусу, гүл, плакаттардын баары алып салынган.

Борис Немцов өлтүрүлгөн жердеги элдик мемориал кайрадан жок кылынды. Өткөн түнү ал жерде Орусиянын туусу эле калып, гүл, шам жана сүрөттөрдүн баары алып салынган. Элдик момориал буга чейин да бир нече жолу жок кылынып, кайра калыбына келтирилген. Буга чейин саясатчы өлтүрүлгөн жерди тазалоо иштерин “SERB орус куткаруу кыймылы» деп аталган уюмдун активисттери жасап жатканын айтышкан.

​Орусиядагы оппозиционер Борис Немцов 28-февралда өлтүрүлгөн. Көптөгөн серепчилер муну бийликтин буюртмасы деп атаган. Бирок Кремль окуяга эч тиешеси жоктугун белгилеп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG