Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстанда майып кишилердин саны өсүп жатат


Бул тууралуу “Майыптарга юридикалык көмөк көрсөтүү” уюмунун жетекчиси Толкунбек Исаков Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянып, “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы расмий эсепте 160 миңдей майып болсо, учурда 162 миң киши каттоодон өттү. Алардын 30 миңге жакыны 18 жашка чейинкилер. Исаковдун айтымында, көрсөткүч мындан эки-үч эсе көп болушу да ыктымал. Анткени көп жарандар медициналык кароодон өтпөй жүрөт.

- Глобалдык статистика боюнча дүйнө элинин 15% майып кишилер түзөт. АКШда калктын 21% майыптар. Кыргызстандагы көрсөткүч 3-4% гана болууда. Ошондуктан бул сан реалдуулукка анча жакын эмес,- дейт Толкунбек Исаков.

Бүгүн Жогорку Кеңеште майыптардын абалына арналган парламенттик угуу болот. Ага вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышып, өкмөт жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат бермекчи. (SE)

XS
SM
MD
LG