Италия бийлигинин маалыматына ылайык, соңку эки күндө Жер ортолук деңизден алты миңге жакын адам куткарылды. Алар Ливиядан Европага бараткандар болчу. Италия, Германия жана Британиянын куткаруучулары суудан 5 851 адамды алып чыгышты. Баары Италияга жөнөтүлөрү күтүлүп жатат.
Быйыл Жер ортолук деңизи аркылуу өмүрүн тобокелге салып Европага агылган мигранттардын саны жогорулай баштады. БУУнун эсебинде жыл башынан бери 1800 адам сууга чөгүп кеткен. Евробиримдик бул аймакта куткаруу кемелеринин санын көбөйткөн. (SE)