Башкармалыктын төрайымы Нурсулу Ахметованын 8-июнда “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, башкармалыктын толук курамдагы биринчи жыйыны 10-июнга белгиленди. Кыргыз жана орус өкүлдөрүнөн турган башкармалыктын жыйынында фондго түшкөн ишкер долбоорлор каралат. Жалпысынан фондго 46 долбоор келип түшкөн. Башкармалык алардын ичинен 5 долбоорду тандап алып, июнь айынын аягында боло турган Директорлор кеңешинин кароосуна коет.
Нурсулу Ахметованын айтымында, сунушталган долбоорлор ичинен айыл чарбасы, кайра иштетүү тармактарына артыкчылык берилет.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда учурда 150 млн. доллар бар. Орусия бул фондуга 500 млн. доллар которуп, андан кийин анын өлчөмүн 1 млрд. долларга жеткирүүгө убада кылган. (AiT)