Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Икрам Илмиянов “Вечерний Бишкекти” сотко берди


Коюлган доонун өлчөмү 5 млн. сом. Свердловск райондук соту ишти кароону 24-июнга белгиледи. Бул тууралуу “Вечерний Бишкектин” адвокаты Сергей Воронцов 8-июнда билдирди. Маалыматка караганда, президенттик аппараттын башчысынын мурунку биринчи орун басары Икрам Илмиянов “Вечерний Бишкекке” таандык Kabar.ordo сайтына 30-апрелде жарыяланган Уран Ботобековдун маегинде айтылгандар ар-намысыма доо кетирди деп, аларды төгүндөөнү жана моралдык зыян үчүн 5 млн. сом төлөтүүнү соттон талап кылган.

“Вечерний Бишкек” гезитин президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев да сотко берип, ал моралдык зыян тартканы үчүн 50 млн. сом төлөөнү талап кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG