Баварияда өтүп жаткан "Чоң жетилик" саммитинин экинчи күнү терроризм коркунучу менен климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан маселелерге арналууда.
Дүйнөлүк жети ири экономикалык держава: Британия, Канада, Германия, Франция, Италия, Жапония жана АКШ лидерлеринин жолугушуусуна Ирактын премьери Хайдар ал-Абади менен Нигерия президенти Мухаммад Бухари да катышып жатканы кабарланууда.
Анда Ирак менен Сириянын итапкан аймагын ээлеп алган "Ислам мамлекети" жана "Боко Харам" сыяктуу террордук топтордун кооптуулугу боюнча маселе каралары айтылган.
Кечээ башталган саммиттин биринчи күнүндө украин кризиси боюнча маселе үстөмдүк кылып, АКШ жана Германия лидерлери Орусияга каршы санкциялар алынбай турганын дагы бир ирет ырасташты. Москва тышкы саясаты өзгөрмөйүнчө бул топко кошула албай турганы да жарыяланды.