Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Премьердин Тажикстанга иш сапары уланууда


Чек ара, энергетика жана унаа байланышы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөт башчы Темир Сариев 8-июнь күнү Дүйшөмбү шаарына жөнөп кеткен. Кечээ тажик президенти Эмомали Рахмон, өкмөт башчы Кохир Расулзода жана парламент төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бүгүн Тажикстан борборунда “Суу – жашоо үчүн” аттуу конференцияга катышып, иш сапарын жыйынтыктайт.

Кыргызстан быйыл Тажикстандан 225 млн киловатт саат электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат. Бирок эки тарап баа боюнча бир пикирге келе элек. Чек араны аныктоо боюнча да талаш маселелер бар. (SE)

XS
SM
MD
LG