Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Бишкек: катуу шамалдын кесепети

8-июнь күнкү катуу шамалдан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-5 аймагында бир кыз каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аны кулаган дарак басып калган.

Кечээ кечки саат жетиден тогузга чейин облус аймагында ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан шамал жүрдү. Бишкек шаарында да ондогон дарак, жарнамалык такталар кулап, түн жарымга чейин тазалоо иштери жүрдү.

Бир катар жолдор тазалоо үчүн түндө убактылуу жабылды. Отуз чамалуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти. Келтирилген зыян такталууда. Ошондой эле Таластын Кара-Буура районундагы шамал Бакыян айылындагы мектептин чатырынан 30 шыйпырды учуруп кеткен. (Нурайка Марс, Денис Зайцев)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG