Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Кыргызстанда сел жана шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча иш жүрүп жатат


Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдарда жүргөн сел 145тен ашык турак үйгө зыян келтирип, айыл чарба аянттарын каптаган. Ош облусунун Алай районунда жүргөн селдин кесепетинен Терек-Сопу-Коргон жолу сел агызып келген калдыктарга толгон. Жалал-Абаддын Сузак районунда түнү сел жүрүп, эки үйдүн там аркаларына кирип, бир сарай кыйроого учураган. Таласта Арал айыл аймагында Талды-Булак, Терек, Кара-Коо жана Көчөк сайларынан сел түшүп, жайытка кеткен ички чарбалык жолдорунун 3,5 чакырым аралыгын жууп кеткен. Ошондой эле 1 гектарга жакын үлүш жерлеринин ылдыйкы этектерин ылай баскан. Турак-жайларга коркунуч келген эмес. Мындан тышкары кечээ Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын учуруп, бактарды кулаткан. Чүй облусунда бак кулап, 14 жаштагы кызды басып калды.

Ушул тапта жер-жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иш-чаралары менен алек болуп жатышат.

Министрлик 9-июндан 12-июнга чейин жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG