Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Шералиевдин 100 жылдыгы Казакстанда белгиленет


Кыргыз ССРинин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгы 16-июнда Казакстандын Алматы шаарында белгиленгени жатат.

Мааракелик иш-чаранын соңунда Мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясы менен Жамбыл атындагы Казак Мамлекеттик филармониясынын чыгармачыл жамаатынын биргелешкен гала-концерти болот. Ага катышуу үчүн Кыргыз филармониясынын Академиялык эл аспаптар оркестри жана Анарбек Ибраев, Майрам Дүйшекеева баштаган белгилүү ырчылар баратышат.

Белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгын утурлаган бул маданий иш-чараны ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму уюштуруп жатат. (ZA)

XS
SM
MD
LG