Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Демирташ Диярбакырдагы жардырууну ИМден көрдү


Селахиттин Демирташ
Селахиттин Демирташ

Түркияда күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партиянын лидери Селахиттин Демирташ CNN телеканалына маегинде шайлоо өнөктүгү учурунда болгон жардырууларды "Ислам мамлекети" тобу менен байланыштагы адамдар уюштурганын айтып чыкты. 5-июнда Диярбакыр шаарында аталган партия лидери эл менен жолугушуп жаткан кездеги жардыруудан үч адам каза таап, эки жүз чакты киши жараланган. Жарылуу маалында эки адам өлсө, жаракат алган 17 жаштагы бир бозулан кийин ооруканада набыт болгон.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу болсо 7-июнда бул терактты уюштурууга шектүүлөр кармалганын, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

42 жаштагы Селахиттин Демирташ жетектеген партия өткөн жекшембидеги шайлоодо 10 пайыздык босогодон өтүп, 13 пайыз добуш менен парламентке келди. Муну менен партия 550 орундуу түрк парламентинен 80 мандат алды. Шайлоодо президент Режеп Тайып Эрдогандын бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы 41 пайыз гана добушка ээ болуп, коалициялык көпчүлүк түзгөнгө 18 орун жетпей калганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG