Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын 2,5 центтен сатып алат


Бул туурасында Дүйшөмбү шаарында жүргөн Кыргызстандын премьер- министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Тажикстандан 500 миллион киловатт саатка чейин электр энергиясын ушундай баа менен сатып алат. Бул Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу, анткени Кыргызстан Казакстандан буга чейин 8 центтен сатып алып келген.

Борбор Азия мамлекеттериндеги чек аралаш сууларды пайдалануу маселелери боюнча эки күндүк эл аралык Дүйшөмбү конференциясы ишин 9-июнда баштады. Ага катышуу үчүн барган Кыргызстан өкмөт башчысы эки тараптуу бир катар жолугушууларга катышты.(EBM)

 

XS
SM
MD
LG