Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Орусия Крымды аннексиялоого каршы чыккан депутатка издөө салат


Илья Пономарев Сан-Францискодо
Илья Пономарев Сан-Францискодо

Өлкөнүн тергөө комитети Мамлекеттик Думадагы "Адилеттүү Орусия" фракциясынын депутаты Илья Пономаревго эл аралык издөө жарыялоого ниеттенүүдө. Мекеменин сайтында депутатка кылмыш ишин козгоого Мамлекеттик Дума уруксат бергени айтылат. Тергөөчүлөр Пономаревду 2010-жылы "Сколково" фондунан 22 миллиондон ашык рубль уурдаган деп айыптоодо.

Илья Пономарев учурда АКШда жүрөт. Ал Мамлекеттик Думада Орусия Крымды аннексиялоосуна каршы чыккан жападан жалгыз депутат. Өзүнө тагылган айыпты депутат саясий куугунтук катары баалоодо. "Адилеттүү Орусия" фракциясы болсо жакында аны депутаттыктан ажыратуу боюнча документ даярдаганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG