Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:20

Ажыга барчуларды тандоо башталды


Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында быйылкы ажылык сапарга баруучуларды чүчү кулак аркылуу тандоо башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты. 9-июнда башталган өнөктүк 15-июнда жыйынтыкталат. Андан соң өлкөнүн башка облустарында өткөрүлөт. Учурда аймактарда муфтийдин орун басарлары Равшан Эратов менен Замир Ракиев тандоо жүргүзүп жүрөт.

Быйыл ажыга барууга 3300 чамалуу адам документ тапшырды. Ал эми Сауд Арабия Кыргызстан үчүн 3685 кишиге квота бөлгөн. Каттоодон өткөндөрдүн саны ага жетпегендиктен, былтыр документ тапшырып, бирок зыяратка барбай калгандар да кошулат. Алардын баары чүчү кулак менен тандалат.

Ажылыктын баасы быйыл 2550 доллар. (SE)

XS
SM
MD
LG