2010-жылдагы Июнь коогасында Ош жана Жалал-Абадда жалпысынан 1870 турак үй күйгөн. Алардын арасында толук бүтпөй, коргону чала тосулган бойдон жаткандары дагы деле көп. Ал эми күйүп кеткен бизнес түйүндөрүн калыбына келтирүүгө учурунда 50 миң сомдон башка жарытылуу жардам берилген эмес. Бир эле Оштун Навои көчөсүндө ондогон ишкердик имараттар азыр дагы калыбына келбей жатат. Жалал-Абад облусунун аймагында 2010-жылдын 11-14-июнь күндөр аралыгында жалпысынан 757 имарат өрттөлгөн. Алардын ичинен 636ы турак жай жана сарай. 420 турак үй, 101 ишкерлердин имараттары жана 10 социалдык объект күйгөн.
Июнь коогасынын там-ташта калган тагы

1
Ош. Навои көчөсүндөгү үйлөр

2

3
Ош. Тополоңдон кийин иштебей калган самсакана

4
Ош. Өзбек тектүүлөр арасында жашаган кыргыздын үйү да коогалаңда күйгөн. Аны оңдоого кожоюну быйыл киришиптир, сатууга кылган аракетинен майнап чыккан эмес.

5
Ош. Коогалаңга чейин унаа тетиктери дүкөнү, унаа оңдоп-жууган жай болчу. Тополоңдо өрттөлгөн бойдон калыбына келтириле элек. Ээлери сатыкка коюшканына кыйла болду.

6
Ош. Шухрат коогалаңда өрттөнгөн ооруканасын өзү оңдой баштады.

7

8

9

10
Жалал-Абад. Манас пропектисиндеги эки кабаттуу турак жай. Ээлери сыртка чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

11
Жалал-Абад. Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү эл аралык уюм иш алып барган имарат. Бул объект К. Батыровго тиешелүү деп айтылып жүрөт.

12

13
Жалал-Абад. Рахат чайканасы. Ээлери башка жакка чыгып кетип имарат өрттөлгөн абалда турат.

14
Жалал-Абад. Шаардын Пушкин 140 көчөсүндөгү эки кабаттуу соода жайы. Экинчи кабаты азыркыга чейин күйгөн абалда турат.

15

16