Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Бишкектеги Бакыт үйү ремонттолот


Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымдоосу боюнча, Бишкек шаарындагы расмий никелерди каттоочу Бакыт үйү USAIDдин көмөгү менен алгач ирет ремонттолуп жатат.

Оӊдоп-түзөө иштеринен улам 8-июндан тарта бул жай жабык болот, расмий никесин каттатуучулар Бишкектеги райондук каттоо тармактарына кайрылыш керек.

1987-жылы ачылган Бакыт үйү ошондон бери бир да жолу ремонттолгон эмес. Болжол менен бул жайда 75 миң түгөй баш кошкон. Күз айларында айрыкча иш күчөп, күнүнө ондон кыркка чейин жуптарды каттаса, кышкысын 5-6дан түгөй баш кошот. Ремонт иштери күз айларында аяктары күтүлүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG