Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Евробиримдик июнь окуясынын беш жылдыгына карата билдирүү таратты


Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө кан төгүү менен коштолгон июнь калабасынан кийин бул уюмдун чукул арада гуманитардык жардамдарды көрсөткөнү, жергиликтүү элдин кандуу окуядан кийин калыбына келтирүү, тынчтыкты орнотуу аракетин колдоого алгандыгы айтылат.

“Европа Биримдиги 2010-жылдан кийин жетишилген демократиялык баалуулуктарды жана Кыргызстандын демократияга умтулуусун жогору баалайт. Ал мындан ары да демократиянын өнүгүшүнө шайлоо реформаларын жана жарандардын эркин, акыйкат тандоосун колдоо жолу менен таасир этүүгө даяр. Толеранттуулукка, адам укуктарын сыйлоого жана бардык этникалык топторду өлкөнүн саясий жашоосуна аралаштырууга багытталган башкаруу - бекем жана стабилдүү демократиялык коомдун негизи болуп саналат”,- деп айтылат кайрылууда.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да бүгүн кайрылуу таратып, анда 2010-жылдын июнь окуясынан кийин бүгүнкү күнгө чейин кыргыз эли жана өкмөтү өлкөдө стабилдүүлүктү, биримдикти сактоо аракетин көрүп келатканы, бул иш-чаралар мындан ары дагы улантылары айтылат. Кайрылууда дүйнө жүзүндө, анын ичинде АКШда адам укуктары урматталган стабилдүү коомду түзүү үчүн өкмөт менен бардык жамааттардын ортосунда конструктивдүү диалог маанилүү экени белгиленет.

Бүгүн Кыргызстанда Ош жана Жалал-Абадда 2010-жылы болгон кооганын беш жылдыгына карата курман болгондорду эскерүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG