Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Нарында чет өлкөлүк жаранды тоногондор кармалды


5-июнь күнү АКШ жараны Чад Родхачер Нарын облустук ички иштер бөлүмүнө Нарын районунун аймагынан караңгыда уктап жаткан жеринен белгисиз адамдар коркутуп, тоноп кеткенин айтып кайрылган. Ал жанында 20 миң сомдой өзбек акчасы, нетбук, фотоаппарат, спутник телефону болгонун айтууда.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кечээ бул тоноого шектүү деп Нарын районунун 20 жана 18 жаштагы тургундары кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

АКШ өлкөсүнүн жараны Чад Родхачердин айтымында, ал Кыргызстанга турист катары келген. Ал мотоцикл менен Нарындан Ысык-Көлгө андан ары Казакстанга өтүүнү пландаганын айтууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG