Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Кыргызстанда “Республика” гезити кайрадан чыга баштайт


Замира Сыдыкова
Замира Сыдыкова

Бул тууралуу “Азаттыкка” гезитти ачып жаткан журналист, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова билдирди. Ал Кыргызстандагы айрым бир басма сөз каражаттарына жасалып жаткан басымдардан улам кайра гезитти жандантуу чечимине келгенин, гезит оппозициялык маанайда чыгарын билдирди.

Кечээ гезит “Вечерний Бишкектин” типографиясынан 3000 нускада басылып чыгып, бүгүн 10-июнда бекер таратылып жатат. Ал эмки аптадан баштап сатыла баштайт.

Экс-президент Аскар Акаевдин учурунан тарта, 1992-жылдан баштап чыга баштаган “Республика” гезити 1995-жылдары бийликтин басымына туш болгон. Жыйынтыгында гезиттин редактору Замира Сыдыковага кылмыш иши козголуп, аны убактылуу тергөө абагына отургузган учурлар болгон. Гезит 2006-жылдан тарта чыкпай калган болчу. Тогуз жылдык убакыттан соң гезит мурдагы оппозициялык багытын, мурдагы редакциялык саясатын сактап жарыкка чыгууну көздөп жатат. Басылма орус тилинде жарык көрдү.(AzK)

XS
SM
MD
LG