Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаевдин билдиришинче, парламент депутаттары анын ишин канааттандырарлык эмес деп баалаганы менен, мындай чечимге кандай себептер негиз бергени айтылган жок. Аманбаев өз ишин жогорку деңгээлде аткарганын, атайын жети доклад даярдап, адам укуктарын коргоо жаатында жети системалык мыйзам бузууну көтөргөнүн белгилеп жатат.
Ал парламенттин бүгүнкү чечимин саясий деп баалап, ушул тапта аны каралоо аракети жүрүп жатканын жана бул заказ экенин билдирди. Аманбаев парламенттин берген баасы менен анын КТРКнын жарнама жана коммерциялык агенттигин башкарып тургандагы иштеринин кайрадан иликтене башташынын ортосунда түздөн-түз байланыш бар экендигин кошумчалады.
Бүгүн 10-июнда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык отчетун угуп, аны канааттандырарлык эмес деп тапкан. (AzK)