Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

АКШ Ирактагы аскер кызматкерлеринин санын көбөйтөт


Ак үй билдиргендей, президент Барак Обама Иракта дагы 450 аскер кызматчысын жайгаштыруу сунушун бекитти. Алар Анбар провинциясында Ирактын аскерлерине кеңеш берүү жана машыктыруу менен алектенмекчи.

Президент Обама ошондой эле Ирактын аскерлерине, анын ичинде күрддөрдүн Пешмерга күчтөрүнө жана уруулардын борбордук командачылык астында аракеттенген согушкерлерине зарыл жабдуу менен техниканы жеткирүүнү тездетүүнү да буйруду.

Ак үй белгилегендей, мындай чечим Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абадинин өтүнүчүнөн жана Пентагондун сунушунан улам кабыл алынды. Эми АКШнын Ирактагы машыктыруучу жайларынын саны төрттөн бешке көбөйөт. Бул “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкө ирактыктардын көбүрөөк тартылуусуна шарт түзөт. Алардын катарында эми суннит урууларынын ыктыярчылары көбөйөт деп күтүлүүдө.

Кошмо Штаттардын Иракта азыр 3000дей аскер машыктыруучусу жана кеңешчиси бар. Алар буга дейре Ирактын 9000ге жакын аскерин даярдады, азыр дагы 2600ү машыгуудан өтүүдө.

Президент Обама Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкө америкалык аскерлер тикелей аралашсын деген чакырыктарды, талаптарды четке кагып келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG