Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Рим Папасы Путинди тынчтык үчүн күрөшүүгө чакырды


Рим папасы Франциск орус президенти Владимир Путин менен жолугушкан учурда аны Украинада болуп жаткан жаңжалды токтотуу үчүн салым кошууга чакырды. Ватикан басма сөз кызматы билдиргендей, алардын жолугушуусу 50 мүнөт уланып, негизинен Донбасстагы калаба жөнүндө болду. Сүйлөшүүдө Минск келишиминин сакталышы боюнча тийиштүү чаралар көрүлүшү керектиги, муну украин бийлиги да, орусиячыл жикчилер да түшүнүшү зарылдыгы белгиленди.

Владимир Путиндин Италияга сапары 10-июнда башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG