Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Бир тууган Кадыралиевдерге каршы акция өтүүдө


Ак үй алдында өтүп жаткан бул акциянын катышуучулары мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевдин камалышын, анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеваны мандатын тапшырышын талап кылышууда. Акцияга жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жана Канжар Кадыралиевден жабырландык дегендердин бири Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү катышып жатат. Жолдошев анын ашканасын Кадыралиев күч менен тартып алганын айтып, Кадыралиевдер муну төгүндөп келатышат.

Канжар Кадыралиев мурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген. Ага Кылмыш кодексинин бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары кызматынан бошотулган.

Ички иштер министрлиги айыпталуучу учурда ооруканада экенин, чыккандан соң камакка алынарын билдирген. Нааразы тарап анын оорубай эле эркиндикте жүргөнүн айтууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG