Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Баш катчы парламентти эл аралык нормаларды сактоого чакырды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Жогорку Кеңешти адам укуктарына байланышкан маселелерде эл аралык келишимдерди сактоого чакырды. Ал мындай оюн Бишкекте өтүп жаткан “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда айтты.

Пан Ги Мун 2010-жылдан бери Кыргызстанда парламенттик демократиянын өнүккөнүн баса белгилеп, эл өкүлдөрүн мындан ары эл аралык келишимдердин негизинде иш алып барууга чакырды.

БУУнун баш катчысы Бишкекке бир күндүк сапар менен Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруу программасынын алкагында 11-июнда эртең менен келди. Түштөн кийин ал Ош шаарына барат. (UEz)

XS
SM
MD
LG