Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Казакстан ДСУга кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады


Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмга кирүүсүнүн шарттарын караган келишим боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылга созулду.

Тараптар жыйынтык макулдашууга кечээ жетишти. Эми келишим долбоору Дүйнөлүк соода уюмдун мүчөлөрүнүн жактыруусуна берилет.

Уюмдун башкы директору Роберто Азеведу сүйлөшүүлөрдүн аякташын тарыхый кадам деп баалады.

Сүйлөшүүлөргө Дүйнөлүк соода уюм тарабынан тең төрагалык кылган финланд элчиси Веса Химанендин айтымында, Казакстан менен макулдашуу уюмдун акыркы жыйырма жылдык тарыхындагы эң татаал сүйлөшүү болду. Анткени Астана Орусия жана Евразия экономикалык союзунун башка мүчөлөрү астындагы милдеттенмелерин эске алуу менен тарифтерге өзгөртүүлөрдү киргизди.

Казакстандын атынан сүйлөшүүлөрдү экономика министри Жанар Айтжанова жүргүздү. (UE)

XS
SM
MD
LG