Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Азамат Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк 4 рекордду койду


Кыргызстандык Азамат Алымбек уулу Финляндияда өтүп жаткан пауэрлифтинг боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда төрт рекорд коюп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков билдирди. Азамат Алымбек уулу 59 кило салмакта дүйнөнүн 10 спортчусу менен таймашкан. Спортчулар штанганы жатып түртүү, отуруп көтөрүү жана полдон тартып көтөрүү боюнча көнүгүүлөрдү жасашкан.

Кыргызстандык Азамат Алымбек уулу отуруп көтөрүүдө 165 кг., жатып көтөрүүдө 125 кг. салмакты багындырган.

Полдон тартып көтөрүүдө алгач 222.5 кг. салмакты көтөрүп рекорд койгон. Кийин экинчи аракетинде 236 кг. жана үчүнчү аракетинде 240.5 кг салмакты көтөрүп, өзү койгон рекордду жаңыртып, алтын байгенин ээси болуп, чемпион аталды. Ага таандык 3 көнүгүүнүн жыйынтыгындагы 530.5 кг салмак (165 – 125 – 240.5 ) дүйнөлүк рекорд болуп саналат. Ошентип жаштар арасындагы пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиондугунда штанганы жатып көтөрүүдө кичи күмүш, жана жалпы көнүгүүлөрдөгү эсеп менен 4 дүйнөлүк рекордду коюп алтын байге алып Азамат Алымбек уулу мелдештерин жыйынтыктады. (ECh)

XS
SM
MD
LG