Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

АКШ менен Орусия Украина боюнча бири-бирин айыпташты


Президент Петро Порошенко Саманта Пауэр баштаган америкалык делегацияны кабыл алууда. Киев, 10-июнь, 2015-жыл.
Президент Петро Порошенко Саманта Пауэр баштаган америкалык делегацияны кабыл алууда. Киев, 10-июнь, 2015-жыл.

Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы элчиси бүгүн Орусияны Украинанын чыгышындагы согушкерлерди “машыктырып, курал менен жабдып, каржылап жана урушта алар менен катарлаш жүргөнү” үчүн айыптады.

Саманта Пауэр бүгүн Киевде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, Украина проблемаларга “Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди машыктырууну, курал менен жабдууну, каржылоону, алар менен бирге согушууну баштаганга чейин эле” кабылган.

Пауэр белгилегендей, ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишими утур-утур бузулуп жатканына карабай Вашингтон ал документти мурдагыдай эле колдойт.

АКШнын БУУдагы элчисинин ырастоосунда, Минск келишими көбүнесе жикчилер тарабынан жана майдан талаасында мурда чыгарылып кеткен оор куралдардын кайра пайда болуусунан улам бузулууда.

Америкалык расмий өкүлдүн бул сөздөрүнө алдында, бейшембиде АКШны өз тарабынан Орусия да айыптаган эле. Орус тышкы иштер министрлгинин ырастоосунда, Вашингтон Киевди Украинанын чыгышындагы жаңжалды улантууга түртүп жатат.

Украин тарап бейшембиде өлкө чыгышында эки аскери жана үч жай тургун өлгөнүн маалымдады.

Буга чейин ЕККУнун мониторинг миссиясы майдан тилкесинен оор куралдарды чыгарып, ок атышууну токтотууну караган Минск келишиминин шарттарын бузганы үчүн Киевди да, жикчилдерди да күнөөлөгөн.

Украинанын чыгышында былтыр апрелдеги берки уруштардан 6400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG