"Ата-Журтун” депутаттары бүгүнкү жыйынында Дастан Жумабековду көпчүлүк добуш менен фракция лидери кылып шайлашты.
Буга чейин фракцияны Жылдыз Жолдошева жетектеп келген. Депутаттар аны лидерликтен алуу боюнча бир нече ирет чечим кабыл алышкан. Жолдошева фракция чечими мыйзамсыз экенин айтып, фракцияга баш болууну улантып келген. (UEz)