Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:54

Айдоочу жол-кайгуул кызматкеринин огунан каза тапты


Эрежеге баш ийбеген айдоочу жол-кайгуул кызматкеринин огунан каза тапты. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, инспекторлор Бишкек-Ош жолунда светофордун кызыл жарыгынан өтүп кеткен айдоочуну токтотууга аракет кылышкан. “Ниссан Альмейра” унаасынын ээси жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, катуу ылдамдыкта качууга аракет кылган. Алгач эскертүү иретинде ок абага атылган, экинчиси айдоочуга тийген. 

Натыйжада 1992-жылкы айдоочу алган жараатынан улам ооруканада жан берген. Милициянын маалыматында машиненин ичинде мас абалындагы эки кыз жана бир бала болгон.

Окуя 11-июндун түнүндө Москва районунда орун алган. Анткен менен маркумдун жакындары жол-кайгуул кызматкерлери кызмат абалынан ашыкча пайдаланганын айтышууда. (UEz)

 

XS
SM
MD
LG