Бириккен улуттар уюму Беларустагы президенттик шайлоо алдында саясий туткундардын көбөйүшүнө камтамачылыгын билдирди.
БУУнун атайын баяндамачысы Миклош Харасти Беларусту камактагы саясий туткундарды токтоосуз бошотууга чакырды. Айтымы, абактагылардын айрымдары жарандык жана саясий укугун пайдаланып, өз оюн ачык билдиргени үчүн эркинен ажыратылган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко кайра шайланганда президенттикке ат салышкан тогуз талапкердин жетөө камалган. Мындан сырткары 2010-жылдын декабрындагы шайлоодо орун алган мыйзам бузууларга нааразылыгын билдирген жарандар да камакка алынган. Беларуста президенттик шайлоо ушул жылдын октябрында болот.