Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Пакистанда туулган ага-ини Нью-Йорк шаарын жардырууга кутум даярдаганы үчүн кесилди


Ага-инилердин бири - 2012-жылы Нью-Йорк шаарын велосипед минип алып айланып, кайсы жерге бомба коюну мерчемдеген Раис Кази 35 жылга эркинен ажыратылды. Флориданын федералдык соту Шехеряр Казини 20 жылга чейин кести. 22 жана 32 жашында АКШнын жарандыгын алган ага-инилерге март айында чабуул коё албаса дагы массалык жок кылуучу куралдарды жасап, “ал-Каиданы” колдогон деген айыптар тагылган.

Раис Кази тергөөчүлөргө велосипед минип алып, Нью-Йорк шаарын аралап, Таймс-сквер, Уолл-стрит, шаардагы театрларда канча адам чогуларын караштырганын айтып берген. “Ал-Каиданын” интернет сайтын ачып алып, жаңы жылдык тарсылдактардан кантип бомба жасоону үйрөнгөнүн да жашырган эмес. Кийин көздөгөнүн ишке ашыра албай, акчасы түгөнүп Флоридага кайткан. Анын мурда такси айдаган агасы болсо ага акчадан каралашып, компьютерин жана чөнтөк телефонун бергенин прокурор белгиледи.

XS
SM
MD
LG