Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:13

Дүйнөдө 400 миллион кишинин саламаттыгы тейленбейт


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Дүйнөлүк Банктын изилдөөчүлөрү дүйнөдө 400 миллион киши жөнөкөй саламаттык кызматтарынан пайдалана албай жатканын аныктады.

Бул жалпы жер калкынын алты пайызына барабар. Алардын дээрлик бардыгы жакырчылыктын жеткен чегинде жашагандар. 37 өлкөдө жүргүзүлгөн иликтөөдө күнүнө 1 доллар 25 центке жашаган элдин дээрлик бардыгы саламаттык кызматын колдоно албаганы, убагында догдурларга барып текшерилип, керектүү дары-дармекти ала албаганы аныкталган. 400 миллион элдин дээрлик жарымынан көбү ымыркай жана өспүрүм курактагы балдар. (BCh)

XS
SM
MD
LG