Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Ростов-на-Дону шаарында Украинанын консулдугуна чабуул жасалды


Жума түнү, 12-июнда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында белгисиз бирөөлөр Украинанын генералдык консулдугунун имаратына бөтөлкө, жумуртка, помидор ыргытышкан. Жергиликтүү журналисттерге полиция белгисиз адамдарды кармай албай калганын маалымдаган.

Украиналык консул Александр Ковтун УНИАН агентигине имаратты талкалаган он чакты адам союл дагы колдонгонун билдирген. Анын айтымында, кол салгандар беткап кийип алышкан. Алар шаардын борбордук бөлүгүнөн, ФСБнын имараты жайгашкан жаткан келишкен.

Жыйынтыгында 17 терезе талкаланып, консулдук имараттын жазуусу сынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG