Бул тууралуу Улуттук электр станциялары ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов, кечээ 13-июнь күнү өкмөт башчы Темир Сариев Токтогул ГЭСине барган учурда билдири.
Жогорку чыңалуудагы 405 чакырымдык "Датка-Кемин" зымын тартуу иши учурда аяктап калганы, Эгемендик күнүнө карата пайдаланууга берилери айтылды.
“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымынын тартылышы жана “Кемин” көмөкчү электр чордонунун курулушу акыркы 20 жылдагы эң ири долбоорлордун бири. Аны ишке ашыруу үчүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан 390 млн. доллар жеңилдетилген насыя алынган.
“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартуу боюнча долбоор 2012-жылы башталган. Анын узундугу 405 чакырым, кубаттуулугу 500 кВт саат. "Датка-Кемин" линиясы Кыргызстандын Борбор Азиядагы энергетикалык айлампага көз карандысыздыгын камсыздамакчы.
Өкмөт башчы Темир Сариев бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү экенин белгилеп, курулуш белгиленген убакытка чейин бүтүшү көзөмөлдөнөрүн билдирди. (TSh)