Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Бишкекте ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы акция өттү


14-июнда шаардагы Максим Горький сейил багында 100дөн ашык жаштар колдоруна “кумсалыкты үгүттөөгө каршыбыз” деген сыяктуу жазууларды көтөрүп турушту. Акцияда сүйлөгөндөр кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоорду парламент тез арада кабыл алуусу керектигин айтышты.

Буга чейин ислам баалуулуктарын тараткан "Насаат медиа" порталы социалдык тармактарда кумсаларга каршы акция жүргүзүп, бүгүнкү өтө турган нааразылык акциясына чакырып атайын ролик да даярдаган.

Кыргызстанда кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоору даярдалып, учурда ал Жогорку Кеңеште талкууланууда. Эл аралык уюмдар мыйзам долбоору адам укугун бузарын айтып келүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG