Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:05

Балыкчы: гранаталар катылган үйдөн башка курал-жарактар да табылды


Балыкчы шаарындагы Кызыл-Омпол көчөсүндө буга чейин граната табылган үйдөн кошумча курал-жарактар чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, үй ээсинин күйөө баласы мурда шаардагы №20636 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн. Азыр Орусияда иштеп жүрөт. Куралдарды ал жашырган болушу мүмкүн.

12-июнь күнү Балыкчы шаарындагы Кызыл-Омпол көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен “РГ-5” үлгүсүндөгү граната жарылып, 13 жашар өспүрүм мерт кеткен. Үйдүн ээси жана 14 жаштагы баласы ооруканага түшкөн.

Жарылуучу заттарды үй ээсинин чоң уулу үч жыл мурун коңшу жашаган досунун үйүнөн, атап айтканда, эски буюмдарын сактаган жертөлөсүнөн таап алганын билдирген. Тергөө иштери уланууда. (AsA)

XS
SM
MD
LG