Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Атамбаев бир күндүк иш сапар менен Ошко барат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бир күндүк иш сапар менен Ош облусуна барат. Коргоо министрлигине караштуу Ош горнизонунун аскер кызматкерлерине салынган 80 батирлүү үйдүн ачылыш аземине катышып, андан ары Ош-Ноокат жолунун абалын көрөт. Ошондой эле Ноокат райондук аймактык ооруканасына барып, бейтапкананын шарттары менен таанышат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, бир күндүк иш сапардын алкагында президенттин Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын активдери менен да жолугушуусу каралган. (SE)

XS
SM
MD
LG