Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

УКМК тарыхчы Абдрахман Алымбаевге эскертүү берди


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, филологиялык-саясий экспертизанын жыйынтыгы менен Коомдук каналдын ток-шоусунда сүйлөгөн сөзү үчүн жазуучу, тарыхчы Абдрахман Алымбаевге расмий эскертүү берилди.

Коомдук каналдан ушул жылдын декабрь айында чыккан "Тоолуктардын ток шоусу" программасында жазуучу, тарыхчы Абдрахман Алымбаевдин (Баяс Турал) кыргыздарды арстанга, Кыргызстанда жашаган башка улут өкүлдөрүн чөөлөргө салыштыруусу чоң талкуу жараткан.

Аны биринчилерден болуп "МК-Азия" гезитинин редактору Улугбек Бабакулов жазып чыккан. Макаланын мазмунуна нааразы болгон “Кырк чоро” уюму Бабакуловдун үстүнөн УКМКга арыз жазган эле.

"МК-Азия" гезитиндеги макаласы боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери ​Улугбек Бабакуловго да түшүндүрүү иштерин жүргүздү. (TSh)

XS
SM
MD
LG