15-16-июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
16-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
16-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секундга жетет.