Төрт эмдин ата-энесине эки бөлмө батирдин ачкычы берилгенин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бул үй-бүлөгө Бишкектен үй куруп берүү үчүн 2 миллион сом бөлүп берген. Бирок аталган үй-бүлө квартира берүүнү өтүнүшкөн эле. Андан кийин шаар мэри Кубанычбек Кулматов “Тунгуч” кичи районунан эки бөлмөлүү батир берүүнү сунуштаган.
Бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери Нурдин Тынаев көп балалуу үй-бүлөгө ал квартиранын ачкычын тапшырды.
Ушул жылдын 9-апрелинде Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө төрт эм төрөлгөн. Ага чейин жубайлар Нурлан Зарнаев менен Гүлайым Абдылдаеванын үч уулу болгон. (TSh)