Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Тбилисини суу каптады

Тбилисиде 13-июндун кечинде жааган нөшөрдөн улам ондогон үйлөрдү суу каптап, жолдорду, электр зымдарды керектен чыгарды.

Шаарда жайгашкан зоопарк талкаланып, жолборс, арстан, аюу, карышкыр сыяктуу жапайы жаныбарлар качып кеткен. Азыр канча жырткыч бош жүргөнү белгисиз.


Тбилисинин мэри Давид Нармания кырдаалды өтө оор деп сыпаттады. Анын маалыматына ылайык, 50гө жакын үй-бүлө турак-жайсыз калды.

Суу калаадагы зоопаркты каптап, үч кызматкер жана жүздөгөн жаныбарлар өлдү. Бирок бир нече жырткыч – арстан, жолборс, крокодил, карышкырлар качып кеткени кабарланууда.

Шаар администрациясы тургундарды үйлөрдөн чыкпоого, этият болууга үндөөдө.

Финансы министри материалдык чыгым болжол менен 18 миллион долларды түзөөрүн билдирди.

Грузиндердин борбор шаарында 1,1 миллиондой киши жашайт.


XS
SM
MD
LG