Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Тбилисиде издөө иштери уланууда


Грузия -- Зоопарктан качкан бегемотту кармоо. Тбилиси, 14-июнь, 2015.
Грузия -- Зоопарктан качкан бегемотту кармоо. Тбилиси, 14-июнь, 2015.

Грузиянын баш калаасында куткаруучулар суу ташкындан кийин дайын-дареги чыкпай жаткан жыйырмадан ашуун адамды жана зоопарктан качкан жаныбарларды издөө иштерин улантууда. Тбилиси зоопаркынын директору Зураб Гурелидзе каза тапкан адамдар жырткыч жаныбарлардын кол салуусуна кабылбаганын, зоопарктын үч кызматкери суга чөгүп кеткенин билдирди.

Зоопарктан качкан жаныбарлардын арасында арстандар, жолборстор, аюулар, карышкырлар жана бегемот бар. Алардын айрымдарын, анын ичинде бегемотту зоопаркка кайрып келишти. Дагы бир канчасын полиция атты, дагы бир тобу каякта жүргөнү белгисиз.

Зураб Гурелидзе алар кармалып турган торчолорго жетүү мүмкүн болбой жаткандыктан канча жаныбар эркиндикте жүргөнүн саноо мүмкүн эместигин айтат.

Грузия бүгүн суу ташкындын курмандыктарын эскерип, аза күтүүдө. Соңку маалыматтарга караганда, селден каза тапкандардын саны ондон ашты. Дагы 24 адам дайынсыз болууда.

Тбилиси шаарында 13-июндун кечинде жааган нөшөрдөн улам Вере дарыясынан ташыган суу ондогон үйлөрдү каптап, жолдорду, электр зымдарды керектен чыгарган.

XS
SM
MD
LG