Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Түштүк Кореяда МЕРСке дагы беш киши чалдыкты


Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлиги МЕРС вирусуна акыркы бир күндө дагы 5 киши кабылганын маалымдады. Дагы бир бейтап көз жумду. Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому деп аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны өлкөдө 150 кишиге жетти. МЕРС эң алгач катталган майдын ортосунан бери андан 16 киши каза тапты.

Жугуштуу дарт тараган негизги очок – Сеулдагы Самсунг медициналык борборунда дарыланган кишилердин көбү азыр карантинге алынган. Жалпы жонунан 10 миңдей киши догдурлардын көзөмөлүндө. Муну менен бирге адистер вирустун тарашы жайлаганын белгилешет.

Бүгүн Түштүк Кореяда 2 миңге чукул мектеп кайра ачылды. Бирок ар күнү эртең менен балдардын дене табын өлчөп, медициналык бет каптарды чечпөө көрсөтмөсү берилген.

XS
SM
MD
LG