Тиешелүү документтерге кол коюу аземи бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы кеңсесинде өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов жана Катардын футбол ассоциациясынын вице-президенти, Азиянын футбол конфедерациясынын вице-президенти Сауд Ал-Моханнади катышты.
Семетей Султановдун маалымдашынча, эки өлкө ортосунда 2013-жылы түзүлгөн келишим быйыл аяктайт. Ошондуктан кызматташтыкты улантуу үчүн дагы беш жылга келишим түзүлдү. (Ech)