Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Айдоочуну аткан МАИ кызматкери эки айга камалды


Өткөн жумада Чүйдүн Москва районунда айдоочуну аткан Жол кайгуул кызматынын өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Ишти Москва райондук прокуратурасы карап жатканын башкы көзөмөл органынан кабарлашты. Шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалды

11-июнь күнү Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында жол эрежесин бузду деп шектелген адам жол-кайгуул кызматкеринин огунан ажал тапкан. Ички иштер министрлиги бул окуяны кокустук деп атап, “Ниссан-Альмера” үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу жол эрежесин бир канча ирет бузуп, токто деген буйрукка баш ийбей качканга аракет кылганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG