Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Соңку бир айда ВИЧ жуктургандар 70 кишиге көбөйдү


СПИДге каршы күрөшүүнү түшүндүргөн тасманын сүрөтү.
СПИДге каршы күрөшүүнү түшүндүргөн тасманын сүрөтү.

Расмий маалыматтарга ылайык, май айына карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен каттоого алынгандардын саны 5974 кишини түздү. Андан бир ай мурун оорулуулардын саны жетимиш кишиге аз болчу. Ресубликалык СПИДге каршы борбордун жетекчиси Үмүткан Чокморова “Азаттыкка” билдиргендей, сандардын өсүшү медициналык текшерүү көбөйгөнүнө байланыштуу:

- Быйыл жыл башынан бери бейөкмөт уюмдарда, СПИД борборлорунда 11 миңге жакын адам текшерүүдөн өттү. Айрыкча маңзатка көз карандылардан, секс кызматкерлерден жана кумсалардан көбүрөөк анализ алынып, жаңы учурларды каттоого алдык. Ошондой эле түрмөлөрдө да текшерүү жүргүзүлүп жыйырмага жакын ВИЧ илдети бар адам аныкталды,- дейт Чокморова.

Ал арада эл аралык USAID уюмунун каржылоосундагы “ВИЧ жана кургак учук боюнча диалог түзүү” долбоору аяктады. Анын алкагында беш жыл аралыгында Кыргызстандын бүт аймактарында аталган эки ооруну алдын алууга багытталган акциялар уюштурулуп, маалыматтык колдонмонлор басып чыкты. Жумуштарды бейөкмөт уюмдар менен өкмөткө караштуу мекемелер бирге жүргүзүштү. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда ВИЧ менен ооругандар менен кургак учукка чалдыккандардын саны дээрлик бирдей. (SE)

XS
SM
MD
LG