Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Талиптер туткундаган тажик аскерлери бошотулду


“Талибандын” барымтасындагы тажикстандык төрт чек арачы бошотулду. Алты айдан бери Ооганстандагы согушкерлердин колунда туткунда жаткан чек арачылар Катар бийликтеринин кийлигишүүсү менен эркиндикке чыкканы расмий кабарланды.

Тажик чек арачылары куралсыз, отун жыйнап жүргөн жеринен өткөн жылдын 19-декабрында Ооганстандагы белгисиз топ тарабынан уурдалган. Буга байланыштуу Хатлон облустук прокуратурасы аскерлер кызмат өтөгөн бөлүктүн командири Аймухаммад Додохалоновду шалаакылык кылган деп айып тагып, сот аны сегиз жарым жылга эркинен ажыраткан. (SE)

XS
SM
MD
LG