Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Футболго билеттер миң сомго чыкты


Күйөрмандар зонасы үчүн сатылган билеттер
Күйөрмандар зонасы үчүн сатылган билеттер

Бүгүн өтчү футболдук беттешке билеттер кассада калбай калып, оюнду көрүүнү каалагандар билеттерди колдон сатып алууда. Билет баасы миң сомго чыкканын кабарчыбыз маалымдады. Алгач билеттер Футбол федерациясынын кеңсесинде 150 сомдон 500 сомго чейин сатылып келген.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Австралиянын футболчулары менен беттешет. Оюн кечки саат сегизде башталат. Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтөт. Стадион 18 миң көрөрманга ылайыкташкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG