Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Ысык-Көлдө жааган кардан өлгөн малдын саны такталууда


Ак-Суу районунда 13-июнда Энилчек айыл аймагынын жайлоосунда калыңдыгы 50-60 сантиметр кар жаап, аба ырайы суук болгондугуна байланыштуу кой-эчкилер өлгөн. Мындан сырткары жайлоого баруучу жолдогу Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө бузула баштаган.

Учурда жолду тазалоо жана көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ага Ак-Суу, Түп райондук транспорт кызматтары тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы 200 литр күйүүчү май берген. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG