Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

Армения Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча келишимди ратификациялады


РИА Новости маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Армениянын парламенти Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биригүүсүнө макулдук берген келишимди ратификациялады. Армениянын экономикалык интеграция боюнча министринин биринчи орун басары Сурен Караян кабыл алынган документ “жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын” билдирген.

16-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков казак өкмөт башчысы Карим Масимов менен Астанада жолугушкан. Анда Масимов Казакстан Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна жол ачкан келишимди ратификациялоону тездетерин билдирген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ошол эле күнү Астанада Беларус парламентинин өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен да жолугушкан. Анда Андрейченко Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишим анын көзөмөлүндө турганын жана жакын арада аны ратификациялоо аракети жасаларын билдирген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG